Канат Бегалиев менен Жоламан Шаршенбеков тойдо "Кыргызстаным" ырын ырдашты (видео)

Белгилүү балбан Амантур Исмаилов менен Лазат Нуркожоеванын үйпөт тоюнда Канат Бегалиев менен балбан Жоламан Шаршенбеков чогуу ыр аткарышты. Бул тууралуу видеону тамада Аман Ибраев социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Балбандар Бек Борбиевдин "Кыргызстаным" ырын аткарышкан.

Айта кетсек, кечээ, 21-февралда балбан Амантур Исмаилов менен Лазат Нуркожоеванын үлпөт тою Жалал-Абадда өткөнү маалымдалган.

Белгилей кетсек, 15-февралда Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Нуркожоеванын кыз узатуу аземи өткөн.

22.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан