Бүгүн, 22-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев А. Навои жана Г. Айтиев көчөлөрүн кыдырды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, шаар башчысы жеринде тиешелүү кызмат жетекчилерине аталган көчөлөрдүн жалпы көрүнүшүн жаңылоо, жаңы дизайн кодун иштеп чыгууну жана жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.