Кара-Сууда "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү

Кара-Суу районунда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 22-февралда билдирди.

Атайын кызмат билдиргендей, 18-февралда УКМК менен Ош ОИИБ тарабынан «Хизбут-Тахрир» уюмунун 6 активдүү мүчөсү жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында "Хизбут -Тахрир" агымынын "Аль-Вайи" деп аталган 4 китеби, "Хизбут-Тахрир" ДЭУнун 4 баракчасы, 2 бычак, 55 түрдүү диний адабияттар, 12 уюлдук телефон жана 1 ноутбук алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан