SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен өлкөдөгү жалпы мырзаларды куттуктайт!
Мекенди коргоо, анын жаркын келечеги үчүн колдон келген салымды кошуу – бул ар бир кыргыздын ыйык милдети. Андыктан, 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз! Ошондой эле, Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине, учурда өлкөбүздүн чек араларында күзөттө турган коргоочуларга терең ыраазычылык билдиребиз.