"Желекти өөп". Өмүрбек Бабанов Эр-Риядга барып Биволду колдоп келди (видео)

Ишкер Өмүрбек Бабанов Эр-Риядда өткөн Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиевдин беттешин көрүп, Биволду колдоого алды. Мурдагы саясатчы андагы видеону социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Бивол тынымсыз эмгек, умтулуу жана өжөрлүк жеңишке алып келерин дагы бир ирет далилдеди.

Бивол – чемпион, мыктынын эң мыктысы!

Биволду колдогон бардык кыргызстандыктарыбызды бул чоң жеңиш менен куттуктайм!" - деп жазды Бабанов.
Кечээ, 23-февралга караган түнү Бивол орусиялык абсолюттук жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Артур Бетербиев менен болгон реванш беттешинде жеңишке жетип, абсолюттук дүйнө чемпиону аталган.

Эске салсак, 2024-жылдын 12-октябрында Эр-Риядда Бетербиев менен Биволдун ортосунда жарым оор салмактагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн биринчи беттеш өткөн. Беттеш 12 раундга созулуп, калыстардын чечими менен Бетербиев жеңишке жеткен. Бивол үчүн бкл жеңилүү профессионалдык карьерасындагы биринчи жеңилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан