Өлкөдө эки күндө 175 мас айдоочу кайгуул кызматы тарабынан кармалды (видео)

Өлкө аймагында “Рулда” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүп, 21-22-февраль күндөрү жол эрежелерин одоно бузган 7327 айдоочу аныкталды. Бул туурасында ЖКККББынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын ичинен:
-мас абалында унаа башкарган 175 айдоочу;
-тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 253 айдоочу;
-ылдамдыкты ашырып айдаган 1229 айдоочу;
-терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан (тонировка) 54 айдоочу.
Кошумчалангандай, жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн 1073 авто унаа айып короо жайына киргизилген.
"Айрыкча спирт ичимдигин ичип алып унаа башкаргандарга, элдин тынч уйкусун бузуп, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып, жол кырсыгына себепкер болуп, автожарыш жана автоээнбаштык жасаган айдоочуларга көзөмөл күчөтүлүп, жоопкерчилиги катуу тартуу каралат", - деп айтылат маалыматта.
Өлкөдө эки күндө 175 мас айдоочу кайгуул кызматы тарабынан кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан