Касымалиев Тажикстандын премьер-министри менен чек ара маселесин сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар тууралуу сүйлөшүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан