25-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат 

Эртең, 25-февралда өлкөнүн айрым аймактарында түнкүсүн кар, күндүз жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.

Маалыматка ылайык, түнкүсүн Баткен, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16 градус,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндуз +6…+11,

Нарында түнкүсүн -6…-11, күндүз +3…+8,

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан