Легалдаштырылган унааларга кандай чектөөлөр болору белгилүү болду

Кыргызстанда легалдаштырылган унааларды өлкө аймагынан сыртка айдап чыгууга болбойт. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин жетекчисинин орун басары Бакытбек Шералиев "Биринчи радиого" берген маегинде айтты.

“Мыйзамдаштырылган унааларды колдонгондорго унааны кайра каттоодо, Кыргызстандан сыртка айдап чыгууда, башка бирөөгө айдоого берүүдө чектөө коюлат. Ошондой эле легалдаштырылган унаалар такси кызматында иштей албайт", - деди ал.

Белгилей кетсек, өлкөгө 2025-жылдын 1-январына чейин гана алып келинген оң рулдуу унаалар мыйзамдаштырылат.
Легалдаштыруу иши 1-мартта башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан