Өлкөдө быйылкы жазгы талаа жумуштарына техникалардын даярдыгы 80 пайызды түздү. Бул боюнча Айыл чарба министрлиги бүгүн, 24-февралда билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, азыркы тапта өлкө боюнча талаа жумуштарына жалпы 22 149 трактор бар.
Талаа жумуштарын аткарууга жалпысынан 7 миңден ашык жер айдоочу жана 2,5 миңден ашык себүүчү агрегаттар өнөктүккө катышуусу күтүлүүдө.
"Ошондой эле республиканын аймактарында жазгы талаа айдап-себүү жумуштарына карата айыл чарба субъекттери тарабынан айыл чарба техникаларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, техникалардын басымдуу бөлүгү сезондук жумуштарды аткарууга даяр. Азыркы учурда айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 80 пайызды түздү", - деп жазылат анда.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча 90 миңден ашык айыл чарба техникалары бар. Анын ичинен 22 149 даана трактор, соколор 10 946 даана, 3285 даана үрөн сепкичтер жана малалар 15 234 даана, жер семирткич чачкычтар 754 даана, арык казгычтар 1362 даана, жер тегиздегичтер 2023 даана, трактор чиркегичтери 9256 даана.