Кыргызстандык балбан Калыбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча 55 килограмм салмакта күрөшкөн балбандардын дүйнөлүк рейтингинде 12-орунду ээлейт. Бул тууралуу кечээ, 8-январда Эл аралык күрөш федерациясынын расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2013-жыл үчүн жаңыланган рейтингде Калыбек Жолчубеков 12-орунду ээледи. Буга чейинки рейтингде анын ысымы 11-орунда жазылып келген.