Бүгүн, 24-февралда президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов облустагы жол тейлөө ишканаларына атайын техникаларды тапшырды.
Өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, өкмөттөн облустагы 9 жол тейлөө ишканаларына 73 даана техника бөлүнүп берилген. Алар:
Иш-чарада облус башчысы Эргешов жолчуларды куттуктап, техниканы өз кызыкчылыкка пайдаланып жибербей, аяр мамиле жасоо керектигин эскертти.
"Бул техника сиздердин ишиңиздерди тездетет жана жолдордун сапатын жакшыртууга чоң салым кошот деген ишеничтемин. Биздин эң негизги максатыбыз – жолдорду сапаттуу куруп, тургундарга ыңгайлуулукту камсыздоо. Техниканы өз кызыкчылыгыңыздарга пайдаланып жибербей, аяр пайдалануу керек. Жолдордун абалын, сапатын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турмакчыбыз", - деди ал.