SUPER.KG порталынын бул жолку коногу Нарындагы айылдардын биринде блог жүргүзүп, көпчүлүктүн купулуна толгон Тянь-Шань Кенжебек кызы болду.
Блогер айым маек учурунда жеке жашоосу, ага айтылган сын пикирлер, колдоо жана жай айыл турмушу жөнүндө айтып берди.
"Башында "ушул халатыңдан башкасы, ушул жоолугуңдан башка жоолугуң жокпу" деген өңдүү комментарийлер келсе, азыр болсо "бул кызга стилист керек экен" деген сыяктуу билдирүүлөр келет. Демек, мен жакшы кийинип баштаптырмын деп күлүп калам.
Негизи ошол комментарийлерге жакшы кийимим жок деп кайгырбайм, ошол адамдын деңгээли чүпүрөктөн чыкпаганына кайгырам", - дейт блогер.
Маекти толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.