Бишкек шаарында 2009-жылы туулган Назик Ибраева изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Ленин райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.
Маалымдалгандай, ал 17-февралда Ала-Тоо 2 жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы кара, көздөрү күрөң, кырдач мурун.
Кийген кийимдери: кара күрмө, кара шым, кара түстөгү бут кийим жана кочкул кызыл түстөгү хиджаб.
Милиция Назикти көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: (0312) 35 29 47, (0312) 35 26 71, 0705 45 05 53, 0553 10 28 80.