Кыргызстан Азия Кубогун өткөрүү үчүн АФКга кат жолдоду

Кыргыз футбол биримдиги Өзбекстан жана Тажикстан футбол ассоциациялары менен бирге 2031-жылкы Азия Кубогун кабыл алууну пландоодо. КФБ тиешелүү арыз бүгүн, 24-февраль күнү Азия футбол конфедерациясына жөнөтүлгөнүн билдирди.

"Буга чейин КФБ жетекчилиги Өзбекстан футбол ассоциациясы жана Тажикстан футбол федерацияларынын жетекчилери менен бирге аталган маселе боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишти. Турнирди кабыл алуу үчүн АФКга азырынча баштапкы билдирме жөнөтүлдү. Ал эми турнирди кабыл ала турган стадиондор боюнча маалымат кийинчерээк жөнөтүлөт" деп айтылат анда.

Билдирүүгө ылайык, Кыргызстанда курулуп жаткан жаңы футбол объектилери мындай деңгээлдеги континенталдык турнирлерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Азия футбол конфедерациясынын шарттарына ылайык, Азия Кубогунун ачылыш аземи менен старттык беттешти жана финалдык оюнду кабыл алуу үчүн стадион кеминде 50 миң кишилик сыйымдуулукка ээ болушу керек. Ал эми курулуп жаткан «Бишкек-Арена» стадиону атайын 51 миң көрүүчүгө ылайыкталууда.

"Башка Борбор Азиянын мамлекеттери менен бирге континенттин эң башкы футболдук мелдешин кабыл алуу биз үчүн чоң сыймык болот. Бул коңшулаш мамлекеттер менен болгон достукту бекемдетип, эл аралык аренада Кыргызстандын кадыр-баркын жаңы денгээлге чыгарат деп ойлойм" деген КФБ президенти Камчыбек Ташиев.

Маалымат үчүн: Азия Кубогун кабыл алуу үчүн кийинки билдирмелерди даярдоо бири нече убакытты талап кылып, көп баскычтуу болот. Азырынча, Кувейт, Индонезия жана БАЭ өлкөлөрү 2031-жылкы Азия Кубогун кабыл алуу боюнча каалоосун билдиришти. Ал эми АФК турнирдин кожоюндары боюнча өз чечимин 2026-жылы кабыл алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан