Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында жана түнкүсүн катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирүү таратты.
Анда айтылгандай, түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз 112 кызматына токтоосуз кабарлаңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт", - деп айтылат билдирүүдө.