"10 жашында ырдап баштаган". Казакстандык белгилүү ырчы Кайрат Нуртас 36 жашка толду 

Бүгүн, 25-фераль күнү белгилүү казак эстрада ырчысы, композитор, актёр Кайрат Нуртастын туулган күнү. Ал бул жылы 36 жашка толду. Атактуулуктун туу чокусуна жете алган ырчынын чыгармаларынын бир гана казак эли эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өзүнүн угармандары бар.

Кайрат Нуртас 1989-жылы 25-февралда Түркстанда төрөлгөн. Ал төрөлгөндөн көп өтпөй анын үй-бүлөсү Алматы шаарына көчүп келишкен. Ырчынын ата-энеси дагы музыкага жакын адамдар болгон. Кайраттын атасы жаш кезинде ырдап сахнага чыгып жүргөн, бирок ырчылык кесипти тандаган эмес.

Чыгармачылыгы

Ырчы мырзанын атактуулукка жетишине апасынын дагы салыма чоң. Чыгармачылыкка аралашып баштаганда апасы Гүлзира Айдарбекова өзү продюсер болуп, шоу-бизнес дүйнөсүндө жол ачууга жардам берген. Кайрат 10 жышынан ырдап баштаган. Анын өзгөчө үнү жана жагымдуу тембри жаш аткаруучунун тез эле атактуу болуусуна шарт түзгөн.

Мектепти аяктагандан кийин жаш жигит Жусупбек Элебеков атындагы эстрадалык-музыкалык окуу жайга тапшырып, андан соң Казак мамлекеттик искусство академиясында билим алган.

Кайрат Нуртастын алгачкы жеке концерти 2008-жылы Алматы шаарында өткөн. Анда концерттин башталышында эле эл залга толуп, аншлаг менен өткөн. Ошондон бери Казакстандагы популярдуу ырчы ар бир туулган күнүндө жеке концерт берүүнү салтка айландырган.

Бүгүнкү күндө ырчынын репертуарында жүздөн ашык чыгармалары бар. Кайрат Нуртастын күйөрмандары жаш муун, ошол эле учурда улуу муун дагы ырларын сүйүп угуп келишет. Анын "Кайда" жана "Баралбадым жаныңа" аттуу чыгармалары мега хит ырлардын катарында.

Ал 2014-жыл Евразия музыкалык сыйлыгынын баш байгесин алып келген. Андан кийин артист 25 жашында Астана шаарында "Эркелеп элге ыр арна" жана "Ал сен эмес" аттуу жеке концертин тартуулаган. Бир жылдан кийин Кайрат Нуртас Казакстандын эл артисти Макпал Жунусова жана орусиялык белгилүү ырчы Нюша менен бир нече ырга дуэт жаздырган.

Киного тартылуусу

Ырчы мырза ырдап гана тим болбостон, өзүн кино жаатында дагы сынап көргөн. Ал 2013-жылы “Өкүнүч” аттуу көркөм тасмада башкы каармандын ролун жараткан. Кинонун тартылуу иштери Түркстан, Алматы жана Астана шаарларында болгон. Андан кийин 2017-жылы "Арман" аттуу кино тасмада дагы башкы каармандын ролун аткарган.

Аталган тасма Казакстанда драма жанрындагы кассалык рекорддордун бири болуп калган. Кирешенин так суммасы айтылбаса да, айрым маалымат булактар 900 миң долларга жакын сумма топтолгонун жазып чыгышкан.

Үй-бүлөсү

Кайрат Нуртас менен жубайы Жулдыз Абдукаримованын ортосунда эки уул, эки кыз бар. Алар 2007-жылы баш кошуп, 2018-жылы ырчы мырза үй-бүлөсүн ачык жарыялаган.

Жубайы Жылдыз дагы чыгармачылык чөйрөдөн. Ал дагы Кайрат окуган Казак мамлекеттик искусство академиясын аяктаган. Ошондой эле бир нече тасмаларда роль жаратып, Киносынчылар ассоциациясынын "Эң мыкты актриса" номинациясы менен сыйланган.


25-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан