Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети маданият министри кызматына Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлигин карап жатат. Анда Мамбеталиев “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун толугу менен колдой турганын билдирди."Бул мыйзамды толугу менен колдойм. Көз карандысыз ЖМКлар кээде каралап, адаштырат. Алар ошого жараша жазасын алышы керек. Мен ошондой деп ойлойм", - деди Мамбеталиев.