Төө-Ашуудагы тоннелде эки тараптуу каттам ачылды 

Ош–Бишкек жолундагы Төө-Ашуу ашуусундагы тоннелде эки тараптуу каттам ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тоннелдин кызматкерлери аба тазалоочу вентиляторду чечип, оңдоого алып кетишкен. Ал эми куткаруучулар тоннелдин ичиндеги газды текшеришип, аба көрсөткүчү нормада экенин аныктап чыгышты.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган тоннелде VOLVO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентиляторго тийип, унаалардын өтүшүнө кооптуулук жараткан. Мындан улам тоннель эки тараптуу унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан