Франция өзөктүк куралы бар истребителдерин Германияга берүүгө даяр. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы өз булагына таянуу менен жазып чыкты.
"Германияга ядролук куралы бар француз истребителдерин жайгаштыруу татаал процедура болбойт. Тескерисинче, кубаттуу сигнал берет", - деген булак.
Басылма бирок Париж мындай чараларга АКШ Германиядан өзөктүк күчтөрүн алып чыгып кеткенден кийин барарын белгилейт. Берлиндик дипломат Парижден келген мындай демилгелер Лондонду да Европанын коопсуздугун камсыздоого шыктандырарын айткан.
Буга чейин АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Европа өлкөлөрү коргонууга көбүрөөк каражат сарпташы керектигин, анткени америкалык аскерлер аймактан бир күнү чыгып кетиши мүмкүн экенин кыйыткан.
Wall Street Journal өз булагына таянып кабарлагандай, Хегсет өткөн жумадагы Европага болгон сапарында Вашингтон аймактагы аскерлеринин бир бөлүгүн чыгарып кетүүгө ниеттенип жатканын билдирген.