Эртең, 26-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Ал эми күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-24 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…+5,
Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз -2…+3 градус,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +1…+6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9,
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7,
Бишкек шаарында түнкүсүн 0…+2, күндүз +1…+3 градус болот.