Жогорку сот маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жубайы Нурия Тентешованын баш коргоо чарасын былтыр 18-декбрда карап, акыркы чечимди кабыл алды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 25-февралда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жогорку Сот Бишкектин Октябрь райондук сотунун былтыр 8-августундагы жана Бишкек шаардык сотунун 26-сентябрындагы Тентешованы 8 жылга эркиндигинен ажыратуу өкүмдөрүн 7 жылга өзгөрткөн. Ал эми калган соттук чечимдер өзгөртүүсүз калтырылган.
Белгилей кетсек, 8-августта Бишкектин Октябрь райондук соту Нурия Тентешованы Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратып, издөө жарыялаган. Ошондой эле ал кармалары менен СИЗО-1ге киргизилип, кийин абакка которулары маалымдалган. Сот Тентешованын мүлкүн конфискациялоо менен бирге эки жылга чейин ишкердик менен алектенүү укугунан да ажыраткан.