Бүгүн, 25-февралда Бишкек шаарындагы Чоң-Арык конушунда жайгашкан №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы филиалынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, мэрия тарабынан аталган үй-бүлөлүк медицина борборун куруу жана оңдоп-түзөө үчүн 145 миллион сом бөлүнгөн. Ал 26 миңден ашуун адамга кызмат көрсөтөт.
Борбордо дарыгерлердин кабинеттери, ЭКГ, УЗИ, рентген, физиотерапия кабинеттери, стерилизациялоо, техникалык жана чарбалык имараттар жайгашкан. Ошондой эле бейтаптар үчүн лифт жана санитардык түйүндөр каралган.