Баткен облусунун 9 айыл өкмөтүнө экскаватор жана жүк ташуучу атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, техникалардын жалпы баасы 558 миң долларды түзөт. Алар Баткен облусунун айылдарындагы таза суу муниципалдык ишканаларынын техникалык базасын чыңдоо жана курулган суу системаларынын туруктуулугун камсыздоого көмөк көрсөтүү максатында берилди.
Алар:
Белгилей кетсек, Министрлер кабинети менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташтыктын натыйжасында, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Баткен жана Талас облустарындагы айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында, учурда Баткен облусунун 43 айылын таза суу менен камсыздоо иштери жүзөгө ашырылып жатат.