Элдик Банктан айыл чарбаны өнүктүрүүгө 10 пайыздык насыялар

"Элдик Банк" ААК 2025-жылдын 25-февралынан баштап “Айыл чарбаны каржылоо – 13" мамлекеттик долбоору боюнча насыя алууга билдирмелерди кабыл ала баштагандыгын жарыялайт.

Программанын алкагында төрт негизги багыт боюнча 10% (ЭТС 10,69%) жеңилдетилген кредит алууга болот:

  • Мал чарбачылыгы
  • Өсүмдүк өстүрүүчүлүк
  • Сууну үнөмдөөчү сугат технологиялары(тамчылатып сугаруу, жамгырлатып сугаруу, тосмо жана тамчылатып сугаруу суу
    резервуарларын куруу) жана күнөскана чарбасы
  • Айыл чарба техникасынын лизинги

Жеңилдетилген кредитти жеке жактар жана ишкердик субъекттер (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер) ала алышат. Насыянын суммасы:

- Мал чарбачылыкты жана өсүмдүк өстүрүүчүлүктү колдоо максатында 3 жылдык мөөнөткө:

  • 300 000 сомго чейин –күрөөсүз;
  • 1 000 000 сомго чейин –күрөөнү камсыз кылуу менен.

- 3 жылдык мөөнөткө сууну үнөмдөөчү сугат технологиялары жана күнөскана чарбасы:

  • 1 000 000 сомго чейин күрөөлүк негизде кошо алганда.

- Баштапкы 20% төлөм менен 7 жылдык мөөнөткө айыл чарбатехникасынын лизинги :

  • 50 000 000сомго чейин, күрөөлүк камсыздоо - лизингдин
    предмети.

Толук маалымат алуу үчүн Элдик Банктын филиалдарына кайрылыңыздар.

КР Улуттук банк Башкармасынын №033-лицензиясы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан