Бишкек шаарында интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурган деп шек саналып 27 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Милиция аталган жаран мурда соттолгону аныкталганын белгилеп, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.