Бишкекте мурда мыйзамсыз жол менен жеке менчикке чыгарылган бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда УКМКдан кабарлады.
Маалыматка ылайык, бала бакча комплекси "Айгүл" акционердик коомунун балансынан мыйзамсыз чыгарылып, жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.
Социалдык багыттагы объекттин менчик ээлери жалпы аянты 65 сотых болгон, аянты 1810 чарчы метр 2 кабаттуу 280 орунга ылайыкталган бала бакча комплексин мамлекеттин балансына ыктыярдуу түрдө кайтарып беришти.