"Моторлордон эч нерсе калбаптыр". Бишкекте унаа тетиктерин саткан дүкөндүн өрттөн кийинки видеосу тарады

Социалдык тармактарда Бишкектеги "Кудайберген" базарына жакын жерде унаа тетиктерин саткан дүкөндүн өрттөн кийинки видеосу тарады.

Видеонун авторунун айтымында, өрттөн унаанын негизги тетиктери болгон моторлору менен жүрүү котормолору (коробка) толугу менен өрттөнгөнүн көрүүгө болот.

"Мынакей алюминийлер ушундай болуп эрип кетиптир. Моторлордон эч нерсе калбаптыр. Контейнерлерден бери эрип түшүп калыптыр. Кудай жеңилдигинен берсин", - деди видеонун автору.

Аталган ири өрт кечээ, 25-февралга караган түнү болгон.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 12 бөлүм жана штаб тартылган. Мындан сырткары РЭТтен 1 бригада, ИИМден 4 экипаж жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынан 3 суу ташуучу унаа тартылган.
Өрт таңкы саат 06:04тө чектөөгө алынган.
Унаа тетиктерин саткан дүкөндүн өрттөн кийинки видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан