Бишкекте айрым автобус каттамдары жарым-жартылай өзгөрөт (схема)

Бишкекте 1-марттан тарта айрым автобус каттамдарынын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу калаа мэриясы маалымдады.

Кабарга ылайык, мындай өзгөртүүлөр транспорт кызматтарын жакшыртууга, жол жүрүү убактысын кыскартууга жана жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.

Буга чейин Сарбан айылы – Ак-Бата конушу боюнча каттаган №23 маршруттук каттам акыркы аялдамасын өзгөртөт. Эми автобус Ак-Бата конушунун ордуна Алтын-Казык конушуна чейин барат.

Кошумчалай кетсек, Курманалиев көчөсүндөгү кыймыл Кыргызстан көчөсүндөгү кыймылга алмаштырылып, эми каттам Сарбан айылы – Алтын-Казык конушу боюнча каттайт.

Буга чейин Алтын-Казык конушу– Поле Чудес конушу маршруту боюнча каттап келген №17 каттамдын акыркы аялдамасы алмаштырылат. Эми автобус Алтын-Казык конушунун ордуна Красный строитель конушуна чейин барат.

№17Т маршруту №77 деп өзгөртүлдү. Себеби жүргүнчүлөр №17 жана №17Т каттамдарынын жүрүү схемаларын алмаштырып жатышат. Мурда №17Т каттамы Булгаары заводу – 12-кичи район багытында жүргөн. Эми бул каттам Курманалиев көчөсү аркылуу Ак-Бата конушуна чейин узартылып, №77 деген номер менен Ак-Бата конушу – Булгаары заводу – 12-кичи району жаңы багытында жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан