Өлкөдө ашуулардагы чектөөлөр алынды

Бүгүн, 27-февралда ɵлкө аймагындагы стратегиялык автожолдордо, ашууларда жол ачык, каттам бар. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, кечки саат 19:00дө “Арал” постуна киргизилген убактылуу чектɵɵ алынды. Учурда Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Тараз–Талас–Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында, Бишкек–Нарын–Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашуусунда каттам бар, жол ачык.
Жолчулар тарабынан тынымсыз инерттик материалдарды себүү, жолго түшкөн кар күрткүлөрүн тазалоо, жол жээгин кеңейтүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан