"Айыпка жыгыласыз!" Бишкекте коомдук транспорттордо жол акы төлөбөгөндөргө рейд башталды

Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспортто жүргүнчүлөр жол кире төлөбөсө, миң сом айыпка жыгылат. Бул туурасында бүгүн, 27-февралда мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, жол акыны бергендигин аныктоо багытында атайын рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Аны Транспорт жана жол-транспорттук инфрастүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү, шаардык милиция кызматкерлери жана «Тулпар» бирдиктүү картасынын адистери өткөрүүдө.
"Рейд учурунда адистер жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөгөн-төлөбөгөнүн текшеришет. Эгерде жол кире төлөбөө фактылары аныкталса, жүргүнчүлөр мыйзамдардын негизинде айыпка жыгылат. "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүмүнө ылайык, жеке жактарга 1000 сом өлчөмүндө айып салынат", - деп айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан