Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 28-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Ага ылайык, Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2 ... -7, күндүз +2 ... +7;
Талас жергесинде түнкүсүн -7 ... -12, күндүз +1... +4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4 ... +1, күндүз +3 ... +8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0 ... -5, күндүз +3 ... +8;
Нарын дубанында түнкүсүн -5 ... -10, күндүз -1 ... +4;
Бишкекте күндүзү жаан-чачын жаайт. Абанын температурасы -2 ... -4 суук, күндүз +4 ... +6 градус болот.