
Бүгүн, 27-февралда Бишкектеги мектептердин биринде окуучулардын биринин чөнтөгүнөн көздү ачыштырган баллон (перцовый баллон) түшүп кетип, ага ууланган эки окуучу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Ага ылайык, мектеп жетекчилиги "Тез жардам" чакырып, эки бала ооруканага жаткырылган. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ошондой эле укук коргоо кызматкерлери жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери келип, тыюу салынган буюмду алып келген ата-энелерге жана балага түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
"Балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган буюмдардан, анын ичинде зыян жыттарды чыгарган баллондор, тактап айтканда, "перцовый баллон", кесүүчү предметтер, электр үн чыгаргыч мылтыктар жана башка коркунучтуу каражаттардан алыс кылып, тыкыр көзөмөлгө алууну суранабыз" дешти мэриядан.