Римде Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду

Кечээ, 27-февралда Италиянын борбору Рим шаарында Чыңгыз Айтматовдун айкелинин ачылышы болду. Бул тууралуу залкар жазуучунун келини Сабира Айтматова социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Ал бул иш өлкөнүн Италиядагы элчисинин талыкпаган эмгегинин аркасында ишке ашканын жана эстеликтин скульптору Кыргызстандын жараны Алексей Морозов экенин маалымдады.

"Бул тарыхый окуяга катышуу жана Чыңгыз Айтматовдун ысымы чет жерлерде да татыктуу таанылып жатканын көрүү биз үчүн сыймык. Эстеликтин ачылышы анын чыгармалары Италияда да бааланганынын айкын далили. Айтматовдун китептери итальян тилине 1960-1970-жылдары которула баштаган жана анын дээрлик бардык чыгармалары басылып чыккан. Бүгүнкү күнгө чейин анын китептери бул өлкөдө окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таап келет", - деп жазган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан