Бишкекте мал союлуучу жайлар текшерилди

Бишкек мэриясы бүгүн, 28-февралда Свердлов районунун аймагындагы мал союлуучу жайлар текшерилгенин билдирди.
Кабарга ылайык, мындай текшерүү иштери жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында өткөрүлгөн. Ага администрациянын кызматкерлери жана Бишкек шаардык ветеринардык башкармалыгынын адистери катышты.
Белгилей кетсек, аталган райондун аймагындагы Фере, 32 дареги жана Биримдик-Кут 1-көчөсү боюнча эки мал союлуучу жай жайгашкан.
Текшерүү учурунда мал союлуучу жайлар штаттык режимде иштеп жаткандыгы аныкталып, ветеринар союла турган ар бир малдын белгиси менен 1-формадагы маалымкатынын бар, жогун текшерди.
Маалым болгондой, Фере, 32 дарегинде жайгашкан жайда мал союу кызматы көрсөтүлүп, уйдун эти 570 сомдон сатылат. Ал эми Биримдик-Кут конушундагы цехте мал союу гана кызматы көрсөтүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан