Бишкекте 1-2-март күндөрү социалдык маанилүү азык-түлүк продукцияларынын жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтөт.
Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, иш-чара саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат. Жарманке ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге шаар тургундарына азыктарды дүң баада сатуу максатында уюштурулду.
Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.
Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышса болот: 0702 702 000.