Муфтий Абдулазиз Закиров Орозо айынын алдында кыргызстындыктарга кайрылды.
Анын айтымында, Орозо ыйманды жаңылоонун, биримдикти бекемдөөнүн жана шүгүр арттыруунун айы.
"Алла Тааламдын чексиз ырайымы менен дагы бир ирет ыйык Орозо айына аман-эсен жетип жатканыбыз – бул чыныгы ырыскы жана чексиз шүгүр келтирүү себеби.
Бул ай – жүрөктөрдү тазалап, руханий жаңылануунун, кечиримдүүлүк менен мээримдин айы. Орозо айы – бул Аллахтын эң чоң белеги, ар бир пенде үчүн үмүт, кайрымдуулук жана сабырдын чокусу.
Элибиздин ынтымагы – бул биздин эң кымбат байлыгыбыз. Биримдик бар жерде береке болот. Ыйык Орозо айы – жүрөктөрдү бириктирип, бири-бирибизге болгон сүйүүнү жана урматты күчөтүүчү мезгил. Ушул ыйык күндөрдө тилек кылалы: ар бир жүрөк тынчтыкта, ар бир үй-бүлө ынтымакта болсун. Бир азаптуу сөз эле канчалаган жүрөктү жаралашы мүмкүн. Ушактан, жалаадан жана жалган сөздөн сак бололу. Анткени ар бир айтылган сөзүбүз биздин ыйманыбыздын күзгүсү.
Орозо – бул өзүн-өзү жеңүүчү ай. Орозо кармоо – бул жегенге гана тыюу эмес, жаман ойлордон, жаман сөздөрдөн, жаман иштерден да алыстоо. Бул айда чындап жашообузду өзгөртүп, орозодон орозого чейин жүрөгүбүздү таза сактоого аракет кылалы. Себеби чыныгы ыйман – бул бир айлык аракет эмес, өмүр бою сакталуучу аманат.
Ар бирибиз билишибиз керек - ысырапкорчулук – ырыскынын жоголушу. Ысырапты бир гана ифтар маалында эмес, дегеле өмүрүбүздү ысырап менен өткөрүүгө жол бербешибиз керек. Убакытты бекер текке кетирбей, аш-тойлордо да ашыкча ысырап кылбай, ар бир ырыскыны туура баалап, сарамжалдуу колдонолу. Ар бир үзүм нан үчүн Жаратканга ыраазычылык билдирип, аны текке кетирбөөгө аракет кылалы. Ыйык Орозо – ашыкча ысырап эмес, жөнөкөйлүк жана ыраазычылыктын айы.
Шүгүр кылууну жүрөгүбүзгө түйөлү, себеби шүгүрсүздүк – берекенин качышына себеп болот. Алла Таала берген ар бир нээматка ыраазы бололу! Дүйнөдө мамлекеттүүлүгү жок, өз элинин жыргалчылыгына жетпей жашап жаткан канча деген эл бар. Биз эгемендүүлүктүн жана тынчтыктын баркын билип, ала-тообузду сүйүп, биримдик менен ынтымакта жашайлы.
Элибизди кечиримдүүлүккө, кек сактабастыкка үндөйм. Келечек муунга таза тарбия берип, билим алууга умтулалы. Бул дүйнө – бир күнү таштап кетүүчү орун, бирок артта калган муундарга из калтыруу бул ар бирибиздин парзыбыз. Ошондой эле, өлкө жетекчилеринин диний чөйрөгө кылган камкордугу үчүн дуба кылып, аларга дагы да акылмандык, адилеттүүлүк, кайраттуулук жана элибизге ак кызмат кылуусун Аллахтан көп-көп тилейли.
Элибизде тынчтык, мекенибизде кут, жүрөгүбүздө ыйман, жашообузда адилеттүүлүк жана жүрөктөрдө анык биримдик болсун!" деп айтылат кайрылууда.
Белгилей өтсөк, Кыргызстанда быйыл Орозо айы 1-мартта башталат.