Москвада кароосуз калган кыргызстандык үч бала мекенине кайтарылды

Орусиянын борбору Москвадан ата-энесинин камкордугусуз калган үч наристе Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, баларды алып келүүнү аталган министрлик, Саламаттык сактоо министрлиги жана Россиядагы элчилиги менен биргеликте ишке ашырган.
"Эми балдардын үй-бүлөсүн таап, алардын абалына баа берилмекчи. Бул процесс социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоону камтыйт", - деп белгиленген маалыматта.
2011-жылдан бери кароосуз калган 178 бала мекенине кайтарылгандыгы маалыматта кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munar1980
2025-03-01 18:21:00
Багып асырап алабыз дегендерге берсе болмок да алайын деп барса Эле документ чогулт деп таталдаштырып койушкан 1 жылда да топой албайсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан