Өлкөдө коомдук транспортторго 4 миллионадон ашык айып пул салынды. Себеби

Өлкөдө коомдук транспортторго рейд жүргүзүлүп, эки күндө 4 миллиона 182 миң 500 сом айып салынды. Бул туурасында ЖКККББынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, кайгуул кызматкерлери тарабынан жүргүнчүлөрдү ташыган автобустарга жана маршруттук унааларга карата «Коомдук транспорт» аталышында рейдтик иш-чара өттү.
"Анын алкагында ичиндеги жүргүнчүлөрү менен катуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкелерге чыгып, техникалык абалы оң абалда эмес туруп каттамга чыккан, тийиштүү лицензиилык талаптарга жооп берген, мыйзамсыз жабдууларды орноштурган, жүргүнчүлөдү туура эмес жерлерден алган жана түшүргэн, аялдамалрда башка айдоочуларга тоскоолдуктарды жараткан жана башка одоно жол эрежелерин бузган эки күн и чинде 2630 коомдук транспорттордун айдоочулары аныкталган. Жалпы 4 миллиона 182 миң 500 сом айып пул салынды", - деп айтылат маалыматта.
Өлкөдө коомдук транспортторго 4 миллиондон ашык айып пул салынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан