Өлкөдө өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууга адвокаттар тартылууда

Өлкөдө өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууга адвокаттар тартылууда. Бул туурасында бүгүн, 1-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, министрлик адвокаттар коллегиясынын мүчөлөрү менен биргеликте жумушчу жыйын өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө адвокаттар өлкөнүн бардык мектептеринде ачык сабактарды үзгүлтүксүз өткөрүү демилгесин көтөрүшүп, мектептик билим берүүгө адвокаттарды тартуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
"Рекетчилик, буллинг маселесин чечүүдө юристтердин катышуусу пайдалуу болот. Бирок профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнүн эскирген ыкмаларына байланыштуу Билим берүү министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык органдары жана башка жамааттар менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы ыкмасын жана механизмин иштеп чыгууда. Ошондой эле, мектептин тарбия иштери боюнча орун басарлары, соцпедагогдор, класс жетекчилер жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмолор, презентациялар, буклеттер, брошюралар жана кыска видео роликтер иштелип чыгат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан