Херардо Мартино: “Мессинин карьерасы тасмага жазылган сценарий сыяктуу”

Кечээ, 8-январь түнү Испаниянын кубогунун алкагында “Барселона”-“Хетафе” беттеши орун алып, оюн 4:0 эсебинде каталондук клубдун жеңиши менен аяктады. Бул тууралуу испаниялык маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул оюнда “Барселонанын” аргентиналык чабуулчусу, жаракатынан кайтып келген Лионель Месси 2 гол киргизди. Дагы 2 голду Сеск Фабрегас өз эсебине жаза алды.

Оюндун жыйынтыгында команданын башкы машыктыруучусу Херардо Мартино: “Мессинин карьерасы тасма үчүн даярдалып жазылган сценарий сыяктуу. Ал 3 мүнөт ичинде 2 гол киргизе алды”,-деп билдирди.

Мартинонун айтканынын жөнү бар. Анткени ал футболчуну кичинекей кезинде машыктырган. Мартинонун “Барселонада” иштеп калуусуна Мессинин аралашуусу болгону футбол коомчулугуна маалым.  

Херардо Мартино менен Лионель Месси көп жылдар мурун...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан