Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө бүгүн, 3-мартта күндүзү катуу шамал күтүлөт.
ӨКМдин маалыматына ылайык, түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз 112 кызматына токтоосуз кабарлаңыз", - деп айтылат билдирүүдө.