
Бишкек-Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кабарга ылайык, аталган постто чектөө бүгүн, 3-мартта саат 06:10дон тартып киргизилген.
Мындай чечим кар жаап, жол тайгак болгондугуна байланыштуу жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынганы айтылды.