Бишкекте 15 жаштагы Арзыкан Сүйүнбаева 1-марттан бери дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу калаанын Ленин РИИБи маалымдады.
Билдирүүгө караганда, милицияга анын апасы кайрылып, кызы Кумарык көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.
Аталган факты райондук милициянын электрондук журналына катталган.
Кийген кийимдери: боз түстөгү күрмө, көк жынсы, көк кроссовка.
Өзгөчө белгилери: ден соолугуна байланыштуу кээде эсин жоготуп коюшу мүмкүн.
Арзыкан Сүйүнбаева тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кайрылып койсо болот: 0(312) 35 29 47, 0(312) 65 05 22 , 0 705 307 703 же 102.