“Умай Групп” компаниясы 2024-жылдын 18-ноябрынан 2025-жылдын 31-январына чейин Globus, “Достор”, “Народный” жана SPAR дүкөндөрүндө өткөн "Сатып ал да, белектерди ал!" масштабдуу акциясынын жыйынтыгын чыгарды. Бул аралыкта миңдеген сатып алуучулар оюндарга катышты. Бул үчүн дүкөндүн тиркемесин колдонуу менен бир товар-катышуучуну алып, 500 сомдон өйдө чекти жабыш керек болчу.
Акциянын жүрүшүндө жалпысынан 100дөн ашык байге ойнотулду: байгелүү сертификаттар, тамак-аш жыйымдары, гаджеттер, ашкана жана тиричилик буюумдары. Аралык утуштар 2024-жылдын 2, 16 жана 30-декабрында, ошондой эле 13 жана 27-январда өттү. Финалдык оюн 3-февралда уюштурулду.
Ийгилик жылмайган жеңүүчүлөрдүн катарын:
Финалдык оюндун башкы байгелери:
Жеңүүчүлөрдүн толук тизмеси менен төмөнкү шилтемеден тааныша аласыздар: https://globus.kg/uploads/files//67a176dfda1c7.pdf
Иш-чаранын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдиребиз жана жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз! Биз сатып алуучуларыбызды жагымдуу сунуштар жана жаңы акциялар менен кубандырууга дагы аракеттенебиз.
“Умай Групп” өлкөдөгү эң ири компания-ретейлер. Бүгүнкү күндө ал Globus, SPAR, "Народный" жана "Достор" төрт түйүндөрүнүн дүкөндөрү менен супермаркеттерин башкарат. "Умай Групптун" бүгүнкү күндө 130дан ашык дүкөнү жана 65 миң чарчы метрден ашык соода аянты бар.