Режиссёр жана актриса Ырыс Жоомартованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 3-мартта өтөт. Бул тууралуу ырчы Салима Балтаева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ага ылайык, актрисаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 10:00дө Асанбай кичи районундагы Токомбаев көчөсү 9/4 дарегинде өтөт.
Белгилей кетсек, 1-мартта Жоомартова 60 жаш курагында дүйнө салганы кабарланган.
Ырыс Жоомартова "Шаардык келин Шарапат", "Айылдык келин Алёнка", "Сүйүнчү, чоң апам эгиз төрөйт" жана башка тасмаларга режиссёрлук кылган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты актрисанын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.