Оштун мэри Кытайга барды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев менен орун басары Сонунбек Жунусбаев Кытайдын Хунань провинциясынын Чанша шаарына иш сапары менен барды.

Калаа мэриясынан кабарлагандай, сапардын алкагында Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүүчү экотехнологиялык заводду куруу боюнча алкактык келишимге кол коюлду. Учурда аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелүүдө. Жакынкы айларда курулуш жумуштары башталат.

Ошондой эле Ош шаарынын башчысы жеринде “Хунань Цзюнсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышууда.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан