Ысык-Көлдө үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи уюшулду

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Отуз-Уул айылында “Адал Агро плюс” үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи уюшулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган айыл чарба кооперативинин карамагында 200 гектар жер аянты жана айыл чарба техникалары бар. Кооперативдин негизги максаты сапаттуу үрөндөрдү алууда инновациялык технологияларды колдонуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, былтыр өлкө боюнча 59 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан