Ири жүктөрдү ташуу үчүн уруксат алуу жеңилдейт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдагандай, өкмөт жыйынында былтыр өлкө ичиндеги жана эл аралык ташуулар үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 8 256 атайын уруксат кагаз берилгени айтылган. Орто эсеп менен күнүнө 20га жакын ушундай транспорттук каражаттар өткөрмө бекеттерден өтөт.

"Учурда Мамлекеттик бажы кызматы таразага тартып, күбөлүк берип, аны айдоочу кагаз түрүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигине тапшырат. Андан соң ташуучулар ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ), "Улуттук электр тармактары" ААК менен Бишкекте жана Ош шаарында атайын уруксат кагазын макулдашууга милдеттүү. Мындай колмо кол режими процессти тездетүү аракеттери канчалык көрүлбөсүн, ал автоматташтырылбай калууда. Уруксат алуу үчүн ташуучу 8 этаптан, ал эми жүктүн бийиктиги 4,5 метрден ашса 10 этаптан өтүшү керек", - деген Касымалиев.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн өкмөт башчы 100 күндүн ичинде кызыкдар ведомстволордун маалыматтык түзүмдөрүн интеграциялоону камсыз кылуу жана атайын уруксаттарды координациялоонун электрондук механизмин толугу менен ишке киргизүү милдетин койгон.

"Жүк ташуучу атайын уруксатты 30 мүнөттүн ичинде алышы керек. Биздин негизги максат – жүк ташуу процессин тездетүү, мамлекеттик органдардын ортосундагы координациялоо механизмдерин санариптештирүү, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу жана логистикалык чыгымдарды азайтуу аркылуу ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", - деп кошумчалаган Касымалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан