MegaPay аркылуу битир-садага которуунун оңой жана ыңгайлуу жолу

Ыйык Рамазан айында муктаждарга жардам берүү менен ар бир мусулман өзүнүн руханий парзын аткаруусу маанилүү. MegaPay колдонмосу аркылуу муну аткаруу дагы оңой!

Битир-садаганын суммасын Кыргызстан мусулмандарынындин башкармалыгынын эсебине оңой жана ыңгайлуу которо аласыз. Бул муктаж болгондорго жардам көрсөтүү менен өз милдетиңизди тез жана натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берет.

Биз кайрымдуулук кылуу процессин мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүүгө кам көрдүк. Эми MegaPay колдонмосунда битир-садага төлөөнүн эки ыкмасы жеткиликтүү:

1. Каалаган сумманы киргизүү – мүмкүнчүлүгүӊүзгө жараша кайрымдуулук кылууну каалаган сумманы жазыӊыз.
2. Автоматтык түрдө эсептөө – тизмедеги азыктардын бирин тандап, кайрымдуулук кылууну каалаган адамдардын санын көрсөтүңүз.

Колдонмо битир-садаганын суммасын автоматтык түрдө эсептеп берет.

Кайрымдуулукту кантип онлайн которсо болот?

1. MegaPay колдонмосун жаңылап, «Сервистер» бөлүмүнө кириӊиз;
2. «Кайрымдуулук», андан кийин «Битир-садага»категориясын басыӊыз;
3. Кайрымдуулук кылуунун ыңгайлуу ыкмасын тандаӊыз:
✓ Каалаган сумманы киргизип, төлөмдү ырастоо;
✓ Тизмедеги азыктардын ичинен тандап, адамдардын санын көрсөтүү менен сумманы эсептөө жана эсептелген сумманы төлөө.

MegaPay’дин жардамы менен өзүӊүздүн руханий милдетиңизди аткаруу ого бетер ыңгайлуу жана жеткиликтүү болуп калды. Ушул куттуу мезгилде колдоого муктаж болгондорго жардам берип, жакшылык ишти оңой жана тез кыла аласыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан